![Sapargul Abdinabieva](/img/default-banner.jpg)
- Видео 33
- Просмотров 1 291 596
Sapargul Abdinabieva
Великобритания
Добавлен 3 авг 2023
Атым Сапаргүл, мен китептерди абдан жакшы көрөм. Учурда Британияда дүйнөнүн эң алдыңкы университеттеринин биринде магистратура окуп жатам. Бул менин үчүнчү жогорку билимим. Окуудан, жазуудан, пландоодон, бөлүшүүдөн ырахат алам.
Бул каналда билим алуу, өзүн өстүрүү, менталдык-физикалык бакубаттык, куунак жашоо сыяктуу ар бирибизге маанилүү болгон темалардын айланасында сөз кылам. Негизгиси, өзүм окуган англис, кыргыз, орус, түрк тилдүү китептердеги маалыматтарды жана тажрыйбаларды жашообуздун түрдүү багыттарына ылайыктап, жөнөкөй тилде айтып берем.
Максатым- кыргыз тилибизде жакшы контент жаратуу жана башкаларга көмөктөшүү.
Ишеним көрсөткөнүңүзгө жана колдооңузга рахмат.
Урматым менен,
Сапаргүл.
Бул каналда билим алуу, өзүн өстүрүү, менталдык-физикалык бакубаттык, куунак жашоо сыяктуу ар бирибизге маанилүү болгон темалардын айланасында сөз кылам. Негизгиси, өзүм окуган англис, кыргыз, орус, түрк тилдүү китептердеги маалыматтарды жана тажрыйбаларды жашообуздун түрдүү багыттарына ылайыктап, жөнөкөй тилде айтып берем.
Максатым- кыргыз тилибизде жакшы контент жаратуу жана башкаларга көмөктөшүү.
Ишеним көрсөткөнүңүзгө жана колдооңузга рахмат.
Урматым менен,
Сапаргүл.
Британиянын жайкы календарынын эң маанилүү окуясы кандай өтөт?
Бүгүнкү видеомду Британияга королдук үй-бүлө катышкан, кылымдар бою уланып келе жаткан Royal Ascot иш-чарасы тууралуу айтып берем.
Бул видео формат мен үчүн жаңы. Сиздерге жакса пикир калтырып койсоңуздар болот, мындан ары да ушундай видеолорду жасоого аракет кылам.
Видеомо лайк басып, каналыма катталып алсаңыз кубанычта болом.
Урматым менен,
Сапаргүл.
Бул видео формат мен үчүн жаңы. Сиздерге жакса пикир калтырып койсоңуздар болот, мындан ары да ушундай видеолорду жасоого аракет кылам.
Видеомо лайк басып, каналыма катталып алсаңыз кубанычта болом.
Урматым менен,
Сапаргүл.
Просмотров: 8 447
Видео
Интеллектти өнүктүрүүнүн 5 илимий жолу
Просмотров 18 тыс.День назад
Бүгүн көпчүлүгүбүздү кызыктырган жана жашообузда жок дегенде бир ирет ойлонуп көргөн суроонун айланасында кеп кылдым. Атап айтканда, “Кантип акылдуураак болуу мүмкүн?” деген теманы илимий изилдөөлөрдүн негизинде бир нече ыкма аркылуу айтып берүүгө аракет жасадым. Видеом сизге пайдалуу болсо лайк басып, каналыма катталып алууңузду суранам. Көргөн убактыңыз үчүн чооң рахмат. Урматым менен, Сапаргүл.
Англис тилин кантип бат үйрөнсө болот?
Просмотров 44 тыс.2 дня назад
Англис тилин билүү- заманбап дүйнөнүн башкы муктаждыктарынын бири. Ал бизге коммуникациялык эркиндикке, мүмкүнчүлүктөрдүн масштабын кеңейтип, дагы өсүп-өнүгүүгө, финансылык абалды жакшыртууга жана аздыр-көптүр ички канааттанууга алып келген курал. Бүгүнкү маалыматтык видеомдо англис тилин үйрөнүп, магистратурада окууга чейин жеткен жеке тажрыйбам жана дүйнөлүк полиглоттордун натыйжалуу методдор...
50 000$ стипендияны кантип жеңип алдым?
Просмотров 54 тыс.21 день назад
Мурда эл арасында ар кандай мисалдардан улам байлардын, колунда барлардын балдары жакшы жердеп окуп, иштейт деген ишеним көбүрөөк болчу. Бирок биз чоңойгон сайын улам турмуш чындыктары алмашып, азыр билимге умтулган жаштарга кайда болбосун ири-кичи мамлекеттер, бийлик, эл аралык уюмдар, ишкерлер чоң көлөмдөгү инвестиция салууга даяр болгон мисалдар миңдеп саналат. Бүгүнкү маалыматтык видеомдо ж...
Таңкы 4тө ойгонуу кандай натыйжа берет? | Сапаргүл Абдинабиева
Просмотров 127 тыс.Месяц назад
Таңкы 4тө ойгонуу кандай натыйжа берет? | Сапаргүл Абдинабиева
Финансылык эркиндик тууралуу китептер эмне дейт?
Просмотров 24 тыс.2 месяца назад
Билсеңиздер керек, эгерде мен кайсы бир темада сөз кылып жатсам, бул мен ошол темада адис же эксперттимден кабар бербейт, тескерисинче менде ошол багытта кандайдыр бир суроо же маселе жаралып, аны илимий булактардан, китептерден таап окуп, анан алган маалыматтарым же келген тыянактарым тууралуу бул каналда бөлүшөм. Финансыны башкаруу мага ушундай темалардын бири, бул багытта 20дан ашык китеп ок...
Жашооңузду өзгөртүүгө бир кадам/ Илимий маалымат
Просмотров 40 тыс.3 месяца назад
Ар бир адам өз жашоосунда албан-албан кыялдарга умтулуп, каалоолоруна жараша улам жаңы максаттарды көздөй жашайт. Бирок, аларга жетүү же биз күткөндөй натыйжаларга ээ болуу дайыма ийгиликтүү боло бербейт. Бүгүнкү маалыматтык видеомдо заманбап дүйнөнүн адамдары үчүн фокус жана концентрациянын маанилүүлүгү жана ал үчүн биз кандай аракет көрсөк болорун Джорджтаун университетинин профессору Кэл Нью...
Китеп окуу мээге кандай таасир этет?/ Илимий изилдөө
Просмотров 15 тыс.3 месяца назад
«Сүйлөрдөн мурда ойлон, ойлонуудан мурда оку», - бул сөз китеп окуунун адамдын оюна, сөзүнө, көз-карашына тийгизген таасири эбегейсиз экенин ачыктаган мазмундуу ой деп ойлойм. Биз бала кезден тартып эле «китеп оку» деген кеңешти айланабыздан көп ирет укканыбыз менен, аны илимий негизде түшүнгөн учур сейрек. Бүгүнкү маалыматтык-видеомдо китеп окуу адамдын мээсине кандайча таасир этерин айтып бер...
Эс тутумду кантип жакшыртабыз? / Илимий изилдөө
Просмотров 67 тыс.4 месяца назад
«Ачкычты кайда койдум эле, таанышыңыздын аты ким эле, курбумдун туулган күнүн унутуп калыпмын...» Бул унутуу-эстей албоо аракттери сизге тааныш болсо анда бүгүнкү маалыматтык-видеом сиз үчүн. Бул ирет мен америкалык нейробиолог жана илим изилдөөчү Lisa Genova нын “Remember” аттуу китеби жана анын башка дагы илимий изилдөөлөрүнө таянып, эс тутумумубузду кантип жакшыртуу мүмкүндүгү тууралуу айтып...
Атамдын 5 кеңеши жакшы жашоомо кантип жардам берди?
Просмотров 26 тыс.4 месяца назад
Адам белгилүү бир кыялдарына жеткенде артты бир карап, "Кечээ ким элем, бүгүн ким болдум?, Ушу жерге кантип келдим?" деген сыяктуу суроолорго анализ жасап, айланасындагыларды мурдагыдан да баалап калат экен. Анын сыңары, мен да Британияда дүйнөнүн билимдүү жаштары менен магистратура окуп жатып, ушуга жеткен баянымды көп эстейм. Ушул билим жолумдагы мыкты жолоочуларым, жашоомдогу эң баалуу адамд...
Сиз жеген тамак мээңизге кандай таасир этет?/ Илимий маалымат
Просмотров 22 тыс.4 месяца назад
Биз күндөлүк жашоодо жеген тамак-ашыбыз менен мээбиздин иштешинин ортосундагы байланыш кандай, тамак сиңирүү процесси денебизде кандайча ишке ашат, кандай тамактар бизге пайдалуу жана эмне үчүн деген сыяктуу бир нече суроолорго китептердин негизинде жооп берүүгө аракет кылдым. Маалыматтык-видеом сизге жаккан болсо лайк басып, комментарий калтырыңыз- бул менин каналымдын туруктуулугуна чооң көмө...
Ар бир ата-эне билиши керек болгон 5 учур
Просмотров 29 тыс.5 месяцев назад
Британияга магистратурага окууга келгенге чейин соңку бир нече жыл карьерамдын бир бөлүгү катары эл аралык уюмдарда “Балдардын бакубат жетилүүсү” багытында эксперт катары иштедим. Ченеми жок бул масштабдуу маалыматтардын арасынан эң маанилүү жерлерин өзүм үчүн жазып алып, убак-убагы менен аларга үңүлүп, окуп турууну адат кылгам. Бүгүнкү маалыматтык-видеомдо мына ошо ресурстардын бир четин сизде...
Күн, суу, аба- бул табигый “дарыгерлер” адамга кантип жардам берет?
Просмотров 10 тыс.5 месяцев назад
Күн, суу, аба сыяктуу табияттын байлыктары жер планетасындагы тирүүлүктүн, биздин эволюциянын уланышына эбегейсиз салым кошуп, күн сайынкы түркүн процесстерге активдүү катышып, адам баласына көп кырдуу пайдасын берип келет. Бүгүнкү маалыматтык-видеомдо биз билген, бирок, көп этибарга албаган табият дарыгерлеринин биздин организмге тийгизген таасири жана майда адаттар аркылуу келген менталдык-фи...
Уйку тууралуу биз билбеген фактылар | Илимий маалымат
Просмотров 145 тыс.5 месяцев назад
Адамдын менталдык, эмоционалдык бакубаттагына байланыштуу кандай китеп окубайын сөзсүз уйку адатын жөндөө кеңеши сап башында келет. Биз эң акыркы планга калтырган, эч маанисиз көргөн уйку биздин жашообузда эмне үчүн ушунчалык чоң мааниге ээ? Адам уктап жатканда организминде кандай процесстер жүрөт? Бул суроолорго илимий изилдөөчүлөрдүн китептери аркылуу жооп издедим. Бүгүнкү маалыматтык-видеом ...
Өзүн өнүктүрүүнү эмнеден баштоо керек? | 5 кадам | Сапаргүл Абдинабиева
Просмотров 60 тыс.5 месяцев назад
#Сапаргүл_Абдинабиева Өзүн өнүктүрүү- бул адам баласынын табигый умтулуусу. Муну эске алып, окурмандарымдын өзүн өнүктүрүү боюнча байма-бай суроолорун, аракетин, изденгенин көз жаздымда калтырбай, бүгүн маалыматтык-видеомду дал ушул темага арнадым. Өз жолун издеп жаткан окурмандарыма же алардын жакындарына эмгегимдин жардамы тийер деген тилегим бар. Колдооңуздар жана убактыңыздар үчүн рахмат. У...
30 жашка чейин жасаган эң чоң 7 катам
Просмотров 31 тыс.6 месяцев назад
30 жашка чейин жасаган эң чоң 7 катам
Балам 3 жашта 3 тилди кантип үйрөндү?
Просмотров 50 тыс.6 месяцев назад
Балам 3 жашта 3 тилди кантип үйрөндү?
35-40 жашка чейинки продуктивдүүлүк
Просмотров 25 тыс.7 месяцев назад
35-40 жашка чейинки продуктивдүүлүк
Убакытты башкаруунун 6 жолу/ Дүйнөлүк практика
Просмотров 29 тыс.7 месяцев назад
Убакытты башкаруунун 6 жолу/ Дүйнөлүк практика
Депрессиядан кантип чыгабыз? / 5 илимий ыкма
Просмотров 25 тыс.8 месяцев назад
Депрессиядан кантип чыгабыз? / 5 илимий ыкма
Чет өлкөдө бекер окугуңуз келеби? / 7 стипендиянын тизмеси
Просмотров 13 тыс.8 месяцев назад
Чет өлкөдө бекер окугуңуз келеби? / 7 стипендиянын тизмеси
Эрте тургандын этеги алтынга толот | Сапаргүл Абдинабиева
Просмотров 113 тыс.8 месяцев назад
Эрте тургандын этеги алтынга толот | Сапаргүл Абдинабиева
Британияда магистратура: суроолорго жооп | Сапаргүл Абдинабиева
Просмотров 17 тыс.8 месяцев назад
Британияда магистратура: суроолорго жооп | Сапаргүл Абдинабиева
Дүйнөнүн алдыңкы окуу жайына магистратура окууга келдим
Просмотров 55 тыс.9 месяцев назад
Дүйнөнүн алдыңкы окуу жайына магистратура окууга келдим
Эмне үчүн англис тилин билишибиз керек? | Сапаргүл Абдинабиева
Просмотров 11 тыс.9 месяцев назад
Эмне үчүн англис тилин билишибиз керек? | Сапаргүл Абдинабиева
Үйдүн ирээттүүлүгү- ойдун ирээттүүлүгү
Просмотров 66 тыс.9 месяцев назад
Үйдүн ирээттүүлүгү- ойдун ирээттүүлүгү
Аллахым колдоосун алтын кыз
Эн ❤❤❤ сонун
Керемет! Алтын кыз, алдыга койгон улуу максаттарынды багындыра бер.Белегин эколнду кудай колдосун!❤
Молодец Сапаргул жердешим сен учун аябай кубандым
Токой опасно абайла баардык жерде эле маньяк бар.
Сиздеги жонокойлук,кыргыз тилибизге болгон сый мамилениз адамды суктандырып да шыктандырып да озуно арбап алат,бул да болсо эне тилибиз учун сиздин салымыныз
❤кыргыз тилин да таза суйлойт экенсиз
Ушунчалык принципиялдуу адам экенсиң❤
Бардык тараптуу суроолорго так даана, факт менен айтып берип жатат, китепти көп окугандыгы сүйлөгөн сөзүнунон билип турат ,иреттүү да
Керемет❤
Сонун жаңылыгың бар экен ,абдан кубандым 👏👍💞💞💞
❤❤❤
Эх кандай соонун сиз кыйнын айымсыз мен сиз менен сыймыктанамын❤😢куйонуз болгондо эх кандайган жакшы адам эле Баланыздын омуру узуун болсун Атасына окшогон күчтүү болсун оомин 😢😢😢❤❤❤
Kate Middleton Where are you!😊Деп эле ырдап калбадынбы.
Кыздарымда сиздей ыймандуу билимге илимге аракет кылып таалыкбаган кыздардан болсун.
Сапаргүл сиздин бул телеберүүнүзду коруп аябай өзүмдү мен да Лондондо жүргөндөй сездим сизге чоон рахмат Ушунчалык жонокойсуз, билимдуусуз ошол сапатынызга рахмат адамдарга адамбыз деген сезимди тартуулап турасыз мен да сизге окшоп озумду өнүктүрүп остургум келет рахмат сизге
Кочкордун Келини,Баткендин кызы, жалпы кыргыздын кызы Сапаргул айым Азамат Кыз. Кудай куч кубат берсин. Балана кудайым омур берсин. Кыргыздар кучтуу элбиз
Сендей дегеним сен акылдуу сулуу айымсын кыргыздын сыймыгысын
😍🥰❤️👍
Ма Ша Аллах
Молодец мендей билимдуу болсун кыздарыбыз
Сиз менен мен да барып келдим. Ыраазычылык! Бизге да жуксун
Кандай сооонун❤❤❤
Даа принцесса 🥰
Сонун!!! Бийиктей бер!!! Коп жакшылыктар коштосун!!!
Аллахым тил коздон сактасын ар дайым жолунар ачык болсун.
Азаматсын! ❤❤Абдан кубанычтамын! Уулун менен аман бол!Бактылуу болгула!🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹🌹👏👏👏👏👏
Сизге жана уулунузга узун омур берсин ишинизге ийгилик каалайм
Enjoy there, Sapara! ❤❤❤❤❤❤❤❤
Чындыгында принцесса болуп калыпсыз коз тийбесин
Сиздин видеолорду коргон сайын Британияга болгон кызыгуум пайда боло баштады,кудайым саякаттап барууну насип кылсын!
Кыргыздын сыймыктуу кызы,озундой кыздарыбыз коп болсун
Сиздин жетишкендиктеринизди коруп алып, озумчо эле суйунуп жыргай берем😊😊❤
Ото Толкундандым кубанып ушундай ийгиликтерди багындырганынызгп,Аллах озу сактасын сизди Белекти,Ошол эле кезде озумдон уялдым 😮Хотя-бы бир барак китеп окуганга убакыт ажыратпай койгонума😢окунуп кеттим ,издесен табасын да
❤❤❤❤
Принцесса😍😍😍
Ии жаним синдим мунча акылдуу илимдуусун сени менен аябай сыймыктанам кыргыздын чыгаан кыздаынын бирисин, мен дагы ойлонуп кеттим биздин тукумдан дагы сендей акылдуу кыздар чыкса деп максат кылдым❤
Ий жаным десе Сапаш ооба чын эле принцесса болуп калыпсын. Кандай ийгиликтерге, мумкунчулукторго жетишип журосун
❤❤❤❤❤❤❤❤❤
Дайыма кудай колдосун, сенин акылына мынданда коп акыл кошулсун коп ийгиликтерге жетебер.
Супер, мен да катышкандай болдум
Чыныгы принцесса болуптурсуз😍
😍😍😍😍Азаматсыз🔥🔥🔥🔥ийгилик🎉🎉🎉
I am going to study English regularly. You are so kind and helpful
Кандай сонун корунуш ❤
Сыймыктанам! Бар бол!Бактылуу бол! Аллахым жакшы кундоруно Береке берсин! ❤🎉🎉
Маззаго Сапаш
Сапаргул, эн соонун образ! Аябай соонун жарашыптыр! Соонун иш чарага катышыптырсынар! Кандай жакшы ниетине жетуу! Мындан ары да жакшы тилектеринер орундала берсин🤲 Алла озу колдосун🤲 жакындан бери угуп баштадым, мага суйлогонунор аябай жакты, ар бир видео маныздуу экен. Ийгиликтерди каалайм 🥰
Билим берүү министри болсо болчудай экен
Сонун!Кудайым дагы коп жакшы кундорду,жакшы жетишкендиктерди насип кылсын!